Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 15-16-октябрь күндөрү жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына барат.
Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
“Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.




















