Элдик боштондук армиясынын (ЭБА) Чыгыш согуштук командачылыгы дүйшөмбү күнү Тайван кысыгында «Биргелешкен курч кылыч-2024Б» аскердик машыгуусун өткөрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы (КБТ) кабарлады, деп билдирет «Казинформ» агенттигинин өз кабарчысы.
КБТнын маалыматына караганда, машыгууларга кургактагы аскерлердин, деңиз флотунун, аба күчтөрүнүн, ракеталык жана башка куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү катышууда. Маневрлар Тайвань аралынын түндүк, түштүк жана чыгыш бөлүктөрүндө өткөрүлөт.
“Аскердик машыгуулардын жүрүшүндө ЭБАнын кемелери жана учактары Тайвань аралына ар кайсы багыттан жакындап келишти, аскерлердин бардык түрлөрү абада жана деңизде күжүрмөн патрулдарды жүргүзүүгө, негизги портторду жана аймактарды блокадага алууга жана ар тараптуу башкарууга багытталган биргелешкен чабуулдук маневрларды аткарышат”, – деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу ЭБАнын Чыгыш аймагынын согуштук командачылыгынын өкүлү Ли Си билдирди.
Дүйшөмбү күнү Кытайдын Жээк коопсуздугу (КЖК) Тайвань аралынын айланасында күзөт жүргүзө баштады.


















