Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ашхабадда өтүп жаткан эл аралык форумдун алкагында ирандык кесиптеши Масуд Пезешкианн менен жолугушту. Бул тууралуу өзбек ММКлары билдиришти.
«Өзбек-иран көп кырдуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Ар кандай деңгээлдеги активдүү байланыштар жана жемиштүү алмашуулар канааттануу менен белгиленди», — деп айтылат Мирзиёевдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Мамлекет башчылары кызматташтык долбоорлорун колдоонун жана тез арада ишке ашыруунун жана преференциялык соода келишиминин алкагындагы продукциянын тизмесин кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Өзбекстан менен Ирандын лидерлери эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча да пикир алышты.



















