Казанда өтүүчү БРИКСтин саммитине 30дан ашуун өлкөнүн лидерлери катышарын ырасташты, деп билдирди РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.
“Аутрич жана БРИКС+ сегментине дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн: Азия, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасынан лидерлер чакырылды. Алардын бардыгы абдан татыктуу деңгээлде көрсөтүлөт деп күтөбүз. Бүгүнкү күндө тиешелүү ырастоолор отуздан ашык мамлекеттен, анын ичинде ЕАЭБ жана КМШдагы эң жакын коңшуларыбыз жана өнөктөштөрүбүздөн келип түштү», — деди ал «Россия сегодня» медиа тобунда өткөн басма сөз жыйынында.
Ошондой эле, Рябковдун айтымында, Казань саммитине регионалдык уюмдардын жетекчилери жана тиешелүү түзүмдөрдүн аткаруу органдары келери күтүлүүдө.
«Мындан тышкары, саммитте Жаңы Өнүктүрүү Банкынын президенти Дилма Руссефтин сөз сүйлөөсү пландалууда», – деп кошумчалады ал.
БРИКС – 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери уюмга төрагалык кылууда. БРИКСке Орусия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкаданы тышкары 2024-жылдын башынан Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кошулган.
Орусиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Орусия 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат.
Негизги иш-чара Казанда 22-октябрдан 24-октябрга чейин өтүүчү БРИКСтин мамлекет башчыларынын саммити болмокчу.



















