Президент Садыр Жапаров кечээ, дем алыш күнү 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, С. Жапаров Зардалы айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып, аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.
Ал эми жергиликтүү тургундар президентке бир катар көйгөйлөрү менен кайрылышып, Садыр Жапаров алардын өтүнүчүн чечүүнү Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тапшырды.
Маалымат үчүн
Зардалы – Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагына кирет. Деңиз деңгээлинен 1750 метр бийиктикте жайгашкан.
2023-жылдын эсеби боюнча айылда 256 адам туруктуу жашайт. Жергиликтүу калк ичкилик, байыркы Нойгут уруусунан болот.
Жашоо шарты катаал. Электр тогу жана интернет байланышы жок аймак. Баткен шаарынан эле автомашина менен жүрүүгө 3 саат убакыт кетет.



















