Кумтөр кениндеги алтындын кору дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, А.Жапаров бул тууралуу “Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышканда билдирген.
МинКаб төрагасы Кумтөр элге кайтарылып, үзгүлтүксүз иштеп жатканын эске салды.
Анын айтымында, калдыктар сакталган жайда алтын азайып, казуу иштери жер алдында уланмакчы.
“Алтындын кору көбөйүүдө. Дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок кени да бар. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз”, — деди А. Жапаров.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын 2022-жылдын апрель айында расмий түрдө элге кайрылып айткан.
Маалымат үчүн:
Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган. Ал эми кенди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) СССР Министрлер Советине караштуу «ГИНАЛМАЗАЛТЫН» Баалуу металлдар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы даярдалган.
Бирок, долбоордун наркынын кымбат болушунан улам — 995,4 млн. советтик рублге барабар болгон (же ошол учурга карата 1,46 млрд. АКШ доллары) кенди өздөштүрүү кийинкиге калтырылган.
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн алган.
Бир нече инвесторлордун сунуштарын кылдат карап чыккандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында Торонто шаарында (Канада) Кыргыз өкмөтү «Камеко» корпорациясы менен «Кумтөр алтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол койгон.
Кен 1996-жылдын аягынан баштап “Кумтөр оперейтинг” компаниясы тарабынан казып алына баштаган.
Компания тарабынан геологиялык иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында бул жердин борбордук бөлүгүнөн алтынга бай дагы бир алтын кенги бар зонасы табылган жана кендин батыш тарабындагы мурдатан белгилүү «Түштүк-Батыш», «Сары-Төр» аянттарында да алтынды казып алуу мүмкүндүгү аныкталган.

















