Чикагодогу (CME) 26-сентябрдагы алтын фьючерстеринин баасы биринчи жолу троя унциясы үчүн 2702 долларга жетти.
Ошол эле учурда, 25-сентябрда биржада алтын фьючерстери 1 трой унциясы үчүн 2694,7 доллардан ашкан болчу. Жыл башынан бери баалуу металлдын баасы 28,8%га кымбаттады.
Кыргызстандын Улуттук банкында отуз жылда 16 тонна алтын чогулса, акыркы үч жылда 35 тонна алтын кошулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, экономиканын өсүшүнө, инфляциянын төмөн кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң.
“Жалпы эл аралык резерв бүгүнкү күнгө карата 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резерв болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон. Бүгүнкү күндө Улуттук банк 1 миллиард 67 миллион долларды үч жылда эле үстүнө кошту”, — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле президент алтындын запасы боюнча да айткан.
“Улуттук банкта 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган. Бүгүнкү күндө 51 тоннага жетип, үч жылда 35 тонна кошулду. Айырмасын карагыла”, — деген мамлекет башчы.
Мындан сырткары, ал Улуттук банк туура саясат жүргүзүп, инфляциянын деңгээли 5,2 пайызга түшкөнүн, бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экенин кошумчалаган.



















