18-сентябрь, шаршемби күнү кечинде Түндүк Корея Түштүк Кореяга таштанды толтурулган 160тан ашык шарды учурду.
Бул тууралуу Йонхап агенттиги билдирди.
Маалыматта 30га жакын мүшөк таштанды борбордук Кёнги провинциясынын түндүк аймактарында жана борбор аймакта табылганы такталган.
Баштыктарга тиричилик таштандылары: кагаз жана желим бөтөлкөлөр толтурулган. Шарлардан эч кандай коркунучтуу заттар табылган жок.


















