Шаршембиде Түндүк Корея түндүк-чыгыш багытында кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын учурганын «Казинформ» Йонхап агенттигине таянуу менен билдирди.
Бириккен штабдын начальниктери (JCS) ракеталар Пхеньяндын түндүгүндөгү Түштүк Пхенган провинциясындагы (Пёнган-Намдо) Каэчон шаарына жакын жерден жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:50дө учурулганын жана 400 чакырымдай учуп өткөнүн билдирди. Докладда ракеталардын саны жана алар кайда коно турганы айтылган эмес.
Буга чейин, 12-сентябрда Түндүк Корея Жапон деңизи (Чыгыш) деңизине карай кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын учурган.
Өлкө ошондой эле биринчи жолу уран байытуу ишканасынын чоо-жайын ачыктады.
Эске сала кетсек, 1-июлда Түндүк Корея эки баллистикалык ракета учурган. Ошол эле маалда ракеталардын бири алгачкы этапта туура эмес учуп, анын сыныктары өлкөнүн аймагына түшүп калышы мүмкүн экени айтылган.
Кошумчалай кетсек, Түндүк Корея дээрлик бир айга созулган тыныгуудан кийин сентябрда таштанды шарларын чыгаруу кампаниясын кайра баштап, Түштүк Кореяга беш күн катары менен макулатура жана желим бөтөлкөлөр толтурулган шарларды жөнөткөн.
Түндүк Корея Пхеньянга каршы баракчаларды жөнөткөн качкындар менен активисттерге жооп иретинде майдын аягынан бери Түштүк Кореяга миңдеген таштанды шарларын жөнөттү. Өз кезегинде Түштүк Корея үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен үгүт-насаат берүүлөрүн кайра баштады.
Акыркы учурууну кошкондо, Түндүк Корея быйыл баллистикалык ракеталарды 10 жолудан ашык учурганын Йонхап билдирди.



















