Казакстан менен Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана абадан коргонуу адистеринин катышуусунда “Ачык Асман-2024” эл аралык ыкчам-тактикалык командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө.
Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Машыгуулар 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.
“Ачык Асман-2024” машыгуусу дос мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ырааттуулугун жакшыртууга, абадан коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын биргелешип колдонуу маселелерин иштеп чыгууга, командирлерге өзгөчө учурларда аскер бөлүктөрүн башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү берүүгө жардам берет.
Ага тик учактар, аскердик жана аскер-транспорттук учактар, ошондой эле абадан коргонуу күчтөрүнүн күчтөрү жана каражаттары катышууда.
Машыгуунун жүрүшүндө аба күчтөрүнүн учкучтары Кыргызстан менен Тажикстандын аба мейкиндигинде да учуу боюнча машыгууларды да аткарышат.
“Ачык Асман-2024” оперативдүү-стратегиялык командалык-штабдык машыгуу Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы, авиация генерал-лейтенанты Даурен Косановдун жетекчилиги астында өтүүдө.





















