Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп айтылат телеграммада.
Белгилей кетүүчү жагдай, Тайфун өлкөнүн түндүк аймагына 7-сентябрда түштөн кийин жетип, бийлик төрт аэропортту жабууну буйруган. Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Трин да эң кооптуу аймактарда жашаган жарандарды эвакуациялоого буйрук берген.
Жээктеги Хайфон жана Куангнин провинциялары эң катуу жабыркады. Хайфондун жашоочулары асманда металл сыныктары жана жарнак такталары учуп жатканын кабарлашты.
Яги буга чейин Кытайдын түштүгүн жана Филиппинди каптап, кеминде 24 адамдын өмүрүн алган. Кытайдын CGTN мамлекеттик телеканалы тайфундан улам 460 миңдей киши эвакуацияланганын билдирген.
Вьетнамдын метеорологиялык агенттиги тайфунду “аймактагы акыркы он жылдыктагы эң күчтүүсү” деп атады.
Ал эми 13-сентябрга карата алынган маалымат боюнча, өлкөнүн түндүгүндө “Яги” супер тайфунунан каза тапкандар бери дегенде 197 кишиге жетти, 800дөйү жараат алды. Жүздөгөн адамдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу Associated Press жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып жазды.
Каза болгондордун көбү катуу шамалдан жана нөшөр жаандан улам суу ташкындап, жер көчкөндө өлгөндөр. Ылайланып аккан суу ташкыны көпүрөлөрдү бузуп, унааларды, адамдарды агызып, айылдарды каптады. 50 миңдей киши эвакуация болуп, өлкөнүн дээрлик жарымында мектептер жабылды. Тайфундан зыян тарткан райондордо ичүүчү суу жана тамак-аш жетишпей жатат. Келтирилген зыян буга чейин ондогон миллион долларга бааланган.
Баш калаа Ханойдо акыркы 20 жылдагы эң катуу суу ташкыны болуп жатат. Тургундар тизеге чейин жеткен суу менен же кайык менен шаарды кыдырып, таштандылар сууда агып жүрөт.
Дем алыштарда башкалаа Ханойдо шамалдын ылдамдыгы саатына 203 километрге жеткен. Тайфун чатырларды, жарнама такталарын учуруп, дарактар кулаткан. Бул Вьетнамдагы соңку 30 жылда катталган эң күчтүү тайфун болуп калды. Ишемби күнү анын ылдамдыгы жээктерде саатына 149 километрге жеткен. Шамал бир аз басаңдаганы менен бир нече райондо нөшөр токтой элек.
“Яги” Филиппинди, Кытайдын түштүк жээгин, Лаосту жана Мьянманы басып өтүп, ал жерде да курмандыктарга жана кыйроолорго алып келди.
Климатологдор “Яги” сыяктуу бороондор климаттын өзгөрүүсүнөн улам катуулап жатканын белгилеп жатышат.


















