Түркия БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.
Ал БРИКС өлкөлөрү Түркиянын бирикмеге катышуу өтүнүчүн карай турганын белгиледи.
«Түркия толук мүчөлүккө арыз берди, биз аны карап чыгабыз», – деди Ушаков.
1-январдан тарта БРИКСке Россия төрагалык кылууда. Жыл уюмга жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – азыр анын курамына Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирет.
Анын айтымында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казанда өтүүчү БРИКСтин саммитине катышуу чакырыгын кабыл алды.
Ушаков бул сунуш түрк тарапка берилгенин жана Түркиянын президенти аны кабыл алганын белгиледи.
Москванын төрагалыгы адилеттүү дүйнөлүк өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Россия 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат. БРИКСтин саммити Казанда 22-24-октябрга белгиленген.
Буга чейин Bloomberg булактарына таянып, Анкара бир нече ай мурун БРИКСке кошулуу өтүнүчүн расмий түрдө тапшырганын кабарлаган. Агенттик маалымдагандай, муну менен Түркия өзүнүн глобалдык таасирин бекемдөөгө жана салттуу Батыш союздаштарынан тышкары жаңы байланыштарды түзүүгө умтулууда.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркиянын биримдикке мүчө болууга чындап кызыкдар экенин белгиледи.
Түркиядагы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын расмий өкүлү Омер Челик 3-сентябрда Эрдоган БРИКСке кирүү каалоосу тууралуу бир нече жолу айтканын, Түркиянын уюмга мүчөлүгү боюнча талкуулар уланып жатканын билдирди.
“Президентибиз (Режеп Тайып Эрдоган- ред.) БРИКСке мүчө болууну кааларыбызды бир нече жолу билдирген. Эгер бул багытта сезилерлик жылыш болсо, аны сиздер менен бөлүшөбүз, азырынча сезилерлик жылыш жок. Президентибиз Түркиянын маанилүү платформаларга, анын ичинде БРИКСке катышууну каалай турганын айтты», – деди Челик шейшемби күнү брифингде.
БРИКС – 2006-жылы Россиянын демилгеси менен түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Бразилия, Россия, Индия жана Кытай болгон, өлкөлөрдүн ангисче аталышындагы баш тамгаларынан кыскартылып BRIC акроними түзүлгөн. Бул биримдикке алгач төрт гана өлкө кирип, Түштүк Африка кийинчирээк гана кошулуп, уюм BRICS деп аталып калган.
2022-жылдын май айында биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Кытай БРИКСтин таасирин жайылтуу максатында аны кеңейтүү процессин баштоону сунуштаган. 2023-жылдын августуна карата уюмга кирүүгө 20га жакын өлкө арыз берген.
2023-жылдын 22-24-августунда Йоханнесбургда өткөн 15-саммитте уюмга алты өлкөнүн – Аргентина, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Эфиопия кошулганы жарыяланган. Бирок, 2023-жылдын декабрында Аргентина (президент Хавьер Майли бийликке келгенден кийин) уюмга кошулуудан баш тарткан, ал эми калган өлкөлөр 2024-жылдын 1-январында БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болушкан. Ошентип бирикме БРИКС+ деген расмий эмес аталышты алган.
Европа Биримдигинин тынчсыздануусу
Анкаранын БРИКСке кирүү ниети тууралуу кабарларга Евробиримдиктин Тышкы иштер кызматынын өкүлү Питер Стано Брюсселдеги маалымат жыйынында комментарий берди.
Ал Түркия кайсы эл аралык блокторго кирүүнү тандоо укугуна ээ экенин бирок, ал дагы эле Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер өлкө болуп саналарын жана коомчулуктун баалуулуктарын урматтоого тийиш экенин билдирди.
“Түркия, башка мамлекеттер сыяктуу эле, өзүнө эмне жакшы экенин чечүүгө укугу бар. Биздин мамилелерибизге келсек, Түркия Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкө, бажы биримдигибиз жана абдан жакшы соода алакабыз бар”,- деди ал.
Станонун айтымында, талапкер өлкөлөр ЕБдин аалуулуктарын жана келишимдер боюнча милдеттенмелерин урматташы керек.
Стано ошондой эле БРИКС менен ЕБ ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар экенин баса белгиледи.
“БРИКС менен ЕБ эки башка уюм экенин кошумчалай кетүү абдан маанилүү: максаты, түзүмү, бардыгы боюнча”, – деп белгиледи ал.



















