Өзбекстанда “Өзбекстандын эмгек сиңирген ишкери” ардак наамын белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алынды.
Наам бизнестин жаңы, жогорку рентабелдүү багыттарын ишке киргизген, өндүрүшкө инновацияларды кеңири жайылткан, заманбап өндүрүштүк ишканаларды түзгөн, экспорттук потенциалды жогорулаткан, чет элдик жана жергиликтүү инвестицияларды жигердүү тарткан, жаңы жумуш орундарын түзгөн жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, калктын жыргалчылыгын жогорулатууга татыктуу салым кошкон өлкө жарандарына ыйгарылат.
Ошондой эле бул жаңы наам мамлекеттик органдар менен кызматташуу, социалдык долбоорлорго активдүү катышкандыгы, ошондой эле бизнес жүргүзүүдөгү мыкты тажрыйбасы жана демилгеси үчүн да берилет.
Белгилей кетсек, жаңы ардак наамды киргизүү боюнча мыйзам долбоору Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын 27-августтагы кезектеги пленардык жыйынында жактырылган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


















