Футбол боюнча Ирандын улуттук курама командасынын коргоочусу Мохаммад Амин Хизбави Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын жаңы баскычындагы алгачкы беттештердин алдында Кыргызстандын курамасы абдан мыкты команда экенин белгиледи.
Бул тууралуу ал Исфахан шаарындагы “Фуладшахр” стадионунда өтүп жаткан Иран-Кыргызстан футбол беттешинин алдындагы машыгуу учурунда журналисттерге билдирди.
Амин Хизбави өлкөнүн курамасы бул оюндан үч гана упай алууну ойлоп жатышканын билдирди.
“Бул этапта бардык атаандаштарга каршы ойноо кыйын. Бирок Кыргызстандын командасын жакшы билебиз”, – деди ирандык футболчу.
2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында, Кыргызстандын Улуттук курама командасы конокто Ирандын оюнчулары менен беттешет. Бул оюн бир күндөн кийин, 5-сентябрда Исфахан шаарында өтөт.
Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Исфахан шаарына 1-сентябрда барышкан. Учурда “Акшумкарлар” алдыдагы оор беттештерге даярдык көрүп, Исфаханда окуу-машыгуу иштери менен алек болууда.
Бул беттештен кийин 10-сентябрда өз оюн талаабызда Өзбекстан курамасы менен беттешет.
Бул беттештер Кыргызстан үчүн тарыхый көрүнүш. Анткени, улуттук курама команда алгачкы жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турларынын үчүнчү раундуна чыкты.
2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк мундиалга тандап алуунун бул баскычында Кыргызстан “А” тайпасына туш келип, анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен беттешет.
Кошумчалай кетсек, дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун үчүнчү раундунда Азиянын 18 курамасы алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эң мыкты эки команда Дүйнө биринчилигине автоматтык түрдө жолдомо алышат. Үчүнчү, төртүнчү орунду алгандар кийинки раундга өтөт. Бул төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөшөт.

















