“Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Миронов Борбор Азия өлкөлөрүнөн (БА) келген иммигранттарга орус жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады.
«Эмне үчүн түштүктөн келген конокторго жүз миңдеген паспортторду таратып жатышат? Эмне үчүн этникалык анклавдарды түзүү керек? Эмне үчүн бул жаңы жарандарды социалдык камсыздоого бюджеттик миллиарддарды коротуш керек? Мунун Орусияга кандай пайдасы бар», – деп айтылат билдирүүдө.
“Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” 2022-жылы да ушундай демилге менен чыккан. Ошондой эле өз билдирүүсүндө Миронов “коррупционерлер менен шылуундар мафиясы” мигранттарды легалдаштыруудан мыйзамсыз киреше тапканын белгиледи.
Учурда депутат Борбор Азиядан келген мигранттарга орус паспортун берүүнү 2026-жылга чейин токтотууну сунуштады. «Бул убакыттын ичинде мыйзамдарды жөнгө салуу, миграциялык кызматты реформалоо, паракорлордон тазалоо, ошондой эле мурда берилген паспорттордун мыйзамдуулугун текшерүүгө болот», – деп баса белгиледи Миронов.
Буга чейин Орусиянын миграциялык саясат боюнча өкмөттүк комиссиясы мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн 2025-жылдан тарта көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин ишке киргизүүнү сунуштаган.




















