Ленинград аскер округунун командачысынын орун басары, генерал-майор Валерий Мумиджановго өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Тергөө комитети билдирди.
Мумиджанов кармалып, учурда баш коргоо чарасы боюнча маселе чечилүүдө, деп айтылат Тергөө комитетинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Орусиянын Коргоо министрлигинин ресурстук камсыздоо департаментинин начальниги кызматын ээлеп турган жана аскер кызматкерлерин форма менен камсыздоого жооптуу аскер кызматкери 20 миллион рубль (222 миң доллар) ашык суммада пара алган. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Мумиджанов Коргоо министрлигинин кызыкчылыгын көздөп, коммерциялык компаниялар менен 1,5 миллиард рублдан (16,6 миллион доллар) ашык суммага келишим түзүүгө көмөктөшкөн.
«Тергөөнүн жүрүшүндө Мумиджанов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Москва жана Воронеж шаарларында 120 миллион рублдан (1,3 миллион доллардан) ашык суммага бааланган көп сандаган кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталды, аларды сатып алуунун мыйзамдуулугу текшерилүүдө», — деп айтылат Тергөө комитетинин билдирүүсүндө.


















