Бүгүн, 2-сентябрь Бишкек шаарында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун республиканын алыскы райондорундогу мектеп окуучулары үчүн берип жаткан 50 автобустун ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара саат 17:00дө Т.Усубалиев атындагы аянтта Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт.
Министрлер Кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.
Келишимдин алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму республикага заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.
“Алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жете алышат”, – деп айтылат маалыматта.



















