Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева ааламдан өттү

  • Аналитика
  • 15.08.2024 16:36

Loading

Сталиндик репрессияда курман болгондор көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева кечээ, 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүйра Кыдыралиеванын дүйнө салганын уккан Президент Садыр Жапаров да оор кабыл алып, өзүнүн соиалдык баракчасы аркылуу маркумдун жакындарына көңүл айтып, төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

“Аттиң дүйнө… кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганын угуп, каңырыгым түтөп олтурам.

Тема боюнча

No Content Available

Айрыкча, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” Жарлык кабыл алынган жылы капилеттен кош айтышып оо дүйнө кете бергени мени терең ойго салды.

Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет?

Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту…”,- деген билдирүу калтырган.

Ошону менен катар Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен күбө болбой ааламдан өткөнүн терең кайрыруу менен кабыл алган.

 

1 of 6
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

Репрессия курмандыктары 1938-жылы атылып, 1991-жылы аныкталган.

Бүбүра (Бүбүйра) Кыдыралиева (1928 – 14.8.2024) Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалымат берген инсан.

Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн.

Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. Муну Бүбүйра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Бүбүйра Кыдыралиева ким?

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы 27-сентябрда Кыргыз АССРинин Чүй районундагы Воронцовка айылында туулган. Ленинград жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылдагы эмгектин ардагери.

Ал эми Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын күбөсү болгон Бүбүйра апанын атасы Абыкан Кыдыралиев ошол дачада 1932-жылдан 1940-жылга чейин кароолчу болуп иштеген.

Ал дача Совет мезгилинде эл арасында эң мыкты эс алуучу жай катары кеңири белгилүү болгон «Чоң-Таш» спорттук-лыжалык базасынын имаратында ХХ кылымдын 30-жылдарында ГПУ-МВДнын дачасы болгон.
Маалыматка караганда дачанын жанында жардамга келишкен чехтер салган кирпич бышыруучу цех жайгашкан.

Ал мезгилде Бүбүйра апа 10 жаштагы секелек кыз болуп, ГПУнун чоңдору 137 адамдын сөөгүн Чоң-Таш айылындагы кирпич бышыруучу цехке көмдүргөнүн байкаган. Секелек кыз муну атасы Абыкандан сураганда, бул сырды эч ким билбеш керек экендигин эскерткен.

Ал атасынын керээзин 52 жыл бою сактап, 1990-жылы гана улуттук сырды ачкандан кийин  137 адамдын өздүгү такталып, сөөгү ак кепинделип, кайра жерге берилген.

Бул сырды 1973-жылы Абыкан карыя өлүм алдында жатып кызы Бүбүйрага сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди эч кимге айтпай же көрсөтпөй кетип баратканына өкүнгөнүн айтып, “Кызым, ал жерди сен гана билесиң. Кудай буюрса, заман өзгөрөр, ошондо жазыксыз шейит кеткендердин бала-чакасына, коомчулукка билдирип айт. Менин мойнумда карыз болуп калбасын, ушул аманатымды сага тапшырдым, кызым…”,- деген керээзи негиз болгон.

Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого мүмкүн болгон эмес.

Болот Абдрахмановго 1991-жылы жолуккан

Кайра куруу мезгили келгенден кийин Бүбүра Кыдыралиевага 1991-жылы апрель айында КГБнын кызматкерлери менен Болот Абдрахмановго жолугуп, Чоң-Ташка барышкан.

Ал жерден Бүбүра апа айылдын жогору, тоо тарабындагы баягы кирпич бышыруучу цех бастырылган дөбөнү көрсөтүп берет.

Анын көрсөтмөсү менен казуу иштери 1991-жылдын июнь айында жүргүзүлөт. Ошону менен Чоң-Таштын каргашалуу кандуу сыры ачылып, бул массалык көмүү 1938-жылга таандык экендиги далилденген.

Эскерте кетсек, “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү атылган. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Анын эскерүүлөрүнүн негизинде көмүлгөндөрдүн сыры ачылып, “Ата – Бейит” комплекстин андан кийинки ачылышы баяндалган “Чоң-Таштын сыры” китеби жарык көргөн.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин аймагында музей бар, анын көргөзмөсүнүн бир бөлүгүндө башка нерселер менен катар Абыкановдордун үй-бүлөсүнүн жеке буюмдары камтылган.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Б. Кыдыралиевасаясый репрессиясталиндик репрессияЧоң Таш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда  президенттин м.а. болгон  А. Искандаров кармалды

Тажикстанда президенттин м.а. болгон А. Искандаров кармалды

02.08.2024

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.