Тажикстанда мурдагы республика президентинин милдетин аткаруучу, учурда Улуттук илимдер академиясынын (ТУИА) Философия институтунун саясый жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Акбаршо Искандаров кармалды.
Бул тууралуу «Азия плюс» агенттиги институттун директору Нозим Махмадизодага шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, Искандаровго кылмыш иши козголгон.
«Кылмыш иши жашыруун. Ошондуктан бизде кошумча маалымат жок. Тергөө процессине кийлигишпөөгө аракет кылабыз», – деди Махмадзода.
Искандаров кармалганын мурдараак «Озоди» радиосу («Азаттык» радиосунун тажик кызматы) өз булактарына таянуу менен билдирген. Ал 13-14-июнь күндөрү суракка чакырылган. «Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү 50гө жакын адамды суракка алып, жашаган жеринен чыкпоо шарты менен кое беришкен, бирок Акбаршо Искандаров бошотулган эмес», – деп билдирди «Озоди» маалымат булактарынын бири.
Акбаршо Искандаров Тажикстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарындагы белгилүү саясатчылардын бири. Ал Тажикстандын Жогорку Кеңешинин депутаты жана төрагасы болуп, бир канча убакыт Тажикстанда мамлекеттик башкаруу жана жетекчилик системасы кризиске учураганда мамлекетти башкарган. 1992-жылы Жогорку Кеңештин 16-сессиясынан кийин ал кызматынан кетип, бир канча убакыт Тажикстандын Түркмөнстан, Казакстан жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген.




















