Кытай бийликтери өлкө түндүгүндөгү Шанси провинциясында 1000 км/саат ылдамдыкта жүрүүчү поездди ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Магниттик релске орнотулган жаңы ультра жогорку ылдамдыктагы бул транспорт дүйнөдөгү технологиялардын акыркы жетишкендиги катары бааланууда.
Ошентип China Aerospace Science and Industry Corporation Limited жана Шаньси провинциясы биргелешип иштеп чыккан вакуумдук түтүктүн ичиндеги жайгашкан поездге аталган провинциянын Янгао округунда демонстрациялык сыноолорду аяктады.
Сыноо учурунда поезд тийиштүү деп көрсөтүлгөн бардык параметрлерге жооп берди. Тактап айтканда, бардык системалар нормалдуу иштеп, анын траекториясы теориялык траекторияга толук ылайык келди.
2022-жылдын апрель айында дүйнөдөгү эң ылдам жүрүүчу поездди ишке киргизүү максатында Янгао округунда курулуш иштери башталган болчу. Ал аэрокосмостук технологияларды жер үстүндөгү темир жол транспортунун технологиялары менен айкалыштырат жана поезддин ылдамдыгын 1000 км/саатка чейин жеткирет.
Келечекте бул системаны мегаполистер арасында куруу жана ал аркылуу 1315 чакырым аралыкта жайгашкан Пекинден Шанхайга болжол менен бир жарым саатта жетүүгө мүмкүндүк бере турган болууда.

















