Олимпиада тарыхында биринчи жолу ирандык аял таэквондо боюнча Олимпиада оюндарына калыстык кылганы жатат.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын тхэквондо боюнча турниринде алгачкы жолу ирандык аял Масуме Багери калыстык кылат.
Олимпиада оюндарында тхэквондо боюнча мелдештер 7-августта башталат. Бул оюндарга калыстык кылуу үчүн тандалган ирандык эл аралык таэквондо боюнча рефери Масуме Багери жекшемби күнү Францияга жөнөп кетти.
Буга чейин Маржан Теймури атту ирандык рефери аял Дүйнөлүк тхэквондо федерациясы тарабынан Паралимпиадалык оюндарга калыстык кылуу үчүн чакырылган.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына Ирандан 40 спортчу барган.
Ирандын тхэквондо боюнча курама командасы Париждеги Олимпиада оюндарына төрт спортчу (Нахид Кияни, Мобина Нематзаде, Мехрбан Бархордари жана Ариан Салими) менен катышууда.

















