Иорданиянын вице-премьери жана тышкы иштер министри Айман ас-Сафади 4-августта Тегеранга сапары менен барды.
Иорданиянын тышкы иштер министри Иранга 2015-жылдан бери биринчи жолу барды.
Ас-Сафади соңку 48 сааттын ичинде Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кани менен эки жолу телефондон сүйлөшүп, аймактагы акыркы окуяларды талкуулашкан.
Сапардын алкагында Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкянга аймактагы кырдаал жана эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу падыша Абдулла IIнин билдирүүсүн жеткирди.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Al Mamlaka телеканалына билдирди.
Ал Израилден Тегеранга билдирүү алып келди деген айрым чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматтарын четке кагып, ал жерге ирандык кесиптешинин чакыруусу менен келгенин баса белгиледи.
Ал ирандык кесиптеши Али Багери Кани менен жолугушуусунда анын Тегеранга сапары эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди так жана айкын, өлкөлөрдүн өз ара кызыкчылыктарына жооп бергендей чечүү максатында жасалганын белгиледи.
“Биз аймактын коопсуздукта, тынчтыкта жана стабилдүүлүктө жашашына умтулабыз”, – деди ал.
Ас-Сафади алар коркунучтуу аскерий эскалацияны токтотууну каалашарын, бул жолдогу биринчи кадам Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясын токтотуу болушу керек экенин белгиледи.
Вице-премьер Жакынкы Чыгышты бардыгы үчүн кыйраткыч кесепеттерге алып келе турган масштабдуу аймактык согуштан коргоо боюнча натыйжалуу кадамдарга чакырды.
Ал Тегеранда ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө токтолуп, падышалык эл аралык укукту бузуу жана мамлекеттин эгемендигине кол салуу болгон бул жийиркеничтүү кылмышты айыптаганын баса белгиледи.
Иорданиянын министри Иранга палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий лидери Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлүп, Израиль Бейрутка кол салгандан кийин аймакта кырдаал кескин курчуп турган маалда барды.
Хания 31-июлда Тегерандагы резиденциясында Израилдин соккусунан улам каза болгонун ХАМАС кабарлаган. Ал Иранга жаңы президенттин инаугурациясына катышуу үчүн келген. Кыймыл Ханиянын өлүмү үчүн Израиль менен АКШны айыптап, кол салуу жоопсуз калбасын билдирген.
Иран бийлиги да Ханиянын жок кылынышына Израилди күнөөлөп, бул үчүн Израиль катуу жооп аларын эскерткен.
Ошондое бери батыш маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Иран Израилге сокк урушу ыктымал экенин жазышууда.



















