Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.
26-июлда Президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, – деп буга чейин Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.
Белгилей кетсек, 24-июлда Парижде башталган XXXIII Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин, кыз-келиндер), бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.




















