Кыргызгидромет абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2024-жылдын 25-июлунан 28-июлуна чейин ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы +35…+40 градуска чейин көтөрүлөт. Талас облусунун өрөөндөрүндө +33…+38 градус жылуу болот.
Мындай ысык аба ырайында ысыктан коргонуунун бардык талаптарын аткарууну жана эгин талааларын тийиштүү маалдарда жакшылап сугаруу иштерин жүргүзүүнү сунушташат.
Адистер акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнөн күн ысып, анын кесепетинен мөнгүлөр ээрип, ичүүчү жана сугат иштерине суунун тартыштыгы күчөгөнү байкалып жатканын айтышат. Күндүн ысышынан улам, мөңгүлөрдун ээриши күчөп, ал биздин жашоого, экономикага түздөн түз терс таасирин тийгизээрин белгилешет.




















