АКШда президент Жо Байден эки күн эл алдына чыкпай, экрандан көрүнбөй калгандыктан, “ал тирүүбү?”,-деген шектенүүлөр күчөдү.
Республикачыл конгрессмен Лорен Бобер “тирүү Байденди көрсөткүлө”, – деп талап кылды.
«Мен Жо Байденден өзүнүн тирүү экенин кечки бешке чейин далилдесин деп талап кылам. Элге чыгып, президенттик жарыштан четтегенин билеби же жокпу, комментарий бериши керек. Аны жашыруу таптакыр кабыл алынгыс”, – деди Л.Боберт.
“Жо Байден кайда?” деген суроо X тармагында биринчи орунга чыкты
Ошол эле учурда, “Жо Байден кайда?” деген суроо АКШдагы X социалдык тармагынын колдонуучуларынын арасында “Саясат” категориясында алдыңкы орунга чыкты.
Социалдык тармактардын колдонуучулары Байдендин шайлоо жарышынан баш тартканын жарыялагандан кийин анын өлүмү, ошондой эле коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматтарды тарата башташты.
«Байден акыркы жолу 17-июлда эл алдына чыкканы кабарланган. Бул Трампка кол салуу аракетинен бир нече күндөн кийин болгон. Америка билгиси келет: Жо кайда?», – деди журналист Кайл Беккер.
Хельсинки университетинин Экономика кафедрасынын доценти Туомас Малинен Байдендин коомдук иш-чараларга катышпай калышы Кошмо Штаттарда төңкөрүш болгонун көрсөтүшү мүмкүн деп эсептейт.
Социалдык тармактардын колдонуучулары америкалык лидердин расмий X баракчасындагы акыркы жарыясынын астына комментарий калтырышып, гезиттердин жаңы сандарында Байдендин сүрөтүн жарыялоону талап кылышкан.
Ал арада Байден 22-июлда Х соцтармагына пост жарыялап, кызматынан кетпей турганын билдирди.
«Биз, Америка Кошмо Штаттарын чогуу курдук. Биз жөн гана ким экенибизди эстешибиз керек. Мен президенттигимди ушуну далилдөөгө арнадым жана бүгүн да, эртең да, күн сайын силердин президентиңер болуу сыймыгына ээ болом», – деди Байден.
Ак үй Байден тууралуу ушактарга жооп кайтарды
Ак үй АКШ президенти тирүүбү же жокбу деген сөздөргө комментарий берип, 22-июлда Байден коопсуздук үчүн жооптуу аткаминерлер менен бирге бир нече жолугушууларды өткөргөнүн жарыялады.
Андан сырткары, ал ички коопсуздук боюнча жардамчысы жана кеңешчиси Лиз Шервуд-Рандаллдын жана кеңешчиси Жейк Салливандын отчетун уккан. Ошентип бул эки жолугушуу тең онлайн өткөнү кабарланды.
Өз кезегинде саясатчынын дарыгери Кевин О’Коннор Байдендин коронавирустун белгилери дээрлик толугу менен жоголгонун, кан басымы жана дем алуусу нормалдуу экенин белгиледи.
NBC News телеканалы өз булактарына таянып, Байден жана анын жардамчылары президенттик жарыштан баш тартуу чечимине байланыштуу америкалыктарга кайрылуу үчүн сөз даярдап жатканын кабарлады. Бирок элге кайрылуусун кийинкиге калтырууну суранышкан.
21-июлда Жо Байден президенттик жарыштан баш тартып жатканын жана мамлекет башчылыгына кайра шайланбай турганын жарыялаган. Бирок ал өз мөөнөтүнүн аягына чейин мамлекет башчысы катары кала тургандыгын айтып, АКШнын кийинки президенттигине азыркы вице-президент Камала Харристи Демократиялык партиянын талапкери катары көрөөрүн билдирген.
Кошумчалай кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Жаңы мамлекет башчы 2025-жылдын январь айында өтүүчү инаугурациядан кийин кызматына киришет.

















