Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Өзбекстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи өтөт.
Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек Бизнес-форуму жана эки өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар болот.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү 18-22-июль күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөр адамы барып, кыргыздын искусство чеберлеринин концерти, кол өнөрчүлүгү, сүрөт искусствосу, кыргыз кинолору, улуттук бийлери жана спектакли тартууланат.


















