АКШ президенти Жо Байден мамлекет башчысынын ден соолугуна байланыштуу кооптонуулар күчөп турган шартта аны 2024-жылдагы президенттик жарыштан баш тартууга мажбурлай турган жалгыз себепти ачыктады.
“Эгер менде кандайдыр бир оору болсо, дарыгерлер келип, бул [ден соолугум боюнча] көйгөй бар деп айтышса, [мен президенттик жарыштан чыкмакмын]” деди Байден.
Ал кошумчалагандай, анын ою боюнча, карылык гана акылмандык алып келет. «Менин оюмча, биз жасай албайбыз дешсе да, мен өлкө үчүн бир нерсе кылууну билгенимди көрсөттүм. Бирок алдыда дагы көп нерсе бар жана мен президенттик жарыштан баш тарткым келбейт», – деп кошумчалады ал.
Байдендин мурдагы президент Дональд Трамп менен акыркы ийгиликсиз дебаты анын союздаштарынын сынына кабылды. Демократтар арасында Байдендин ордуна башка талапкерди көрсөтүүгө чакырыктар көбөйүп жатат, бирок ал өзү “аягына чейин барууга” ниеттенип жатканын айтууда.

















