Качан көзү өткөндө баш койгулап, калп өкүрүп, кымбат баалуу таштардан күмбөз тургузуп, мүрзөлөрдү тим эле «өлүүлөр шаарына» айлантып ийүүнүн мааниси жок.
Тирүүсүндө кепеде жашап, бирок өткөндө заңгыраган күмбөздө жатуунун кажети эмне? Журт башчынын айтканында калет жок. Шарият ысырап кылып, түбөлүк тура берчүдөй заңгыраган күмбөз курууга каршы.
Ошондой эле эстелик (памятник), айкел, бюст, статуя жасоого жылуу карабайт. Бейитти шөкөттөп жасалгалап, аят-хадистерди тактайчаларга кооздоп жазып же тагдырга наалат айткан кошок ырларын илүүнүн пайдасы жок.
Бирок Куран окуу, окутуу жана жакшы иштерди аткарып маркумга багыштоо маркумга пайда берет. Жакынын жоготкон адам анын бейити болушун, тез-тез зыяратка келип, дайыма Куран окуп кетүүнү каалайт. Бул учурда кандайдыр бир жыгач же таш белги коюуга уруксат бар. Бир катар таш корумдаса да болот.
Мындан башка максаттарды көздөп, маселен адамдарга өзүн көрсөтүп, төш кагып, ысырапка жол берип, күмбөз куруп жарышуу динге сыйбаган жосундардан. Ал эми улуу аалымдардын, чыныгы олуялардын, белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, улут баатырларынын же айдыңдардын бейитин жок кылып ийбей, жаш муунга өрнөк кылуу максатында сактап койсо болот. Аларды «ширк» деген ярлык менен дүңүнөн талкалап, кыйратып же өрттөп ийүү салттуу эмес радикалдык агымдарга мүнөздүү сапат болуп калат. Андыктан исламды терең түшүнгөн жакшы.
Иманбек Азизилла уулу, дин эксперти.



















