Ирандык компаниялар түркмөн газын Иранга жеткирүүнү кеңейтүү үчүн Түркмөнстанда 125 чакырымдык газ куурун жана үч газ компрессордук станциясын курганы жатат.
Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, Түркмөнстан менен Иран көп жылдардан бери газ тармагында өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдө.
1-3-июлда Ашхабадда түркмөн жана ирандык тараптардын сүйлөшүүлөрү өттү. Анда газ тармагындагы мындан аркы кызматташууга тиешелүү маселелердин бүтүндөй комплекси талкууланды.
Газ ташуу инфраструктурасын кеңейтүү максатында ирандык компаниялар Түркмөнстандын аймагында Иранга газдын кошумча көлөмүн жеткирүү үчүн зарыл болгон узундугу 125 чакырым болгон жаңы газ куурун жана үч газ компрессордук станциясын курат.
Тышкы иштер министрлиги баса белгилегендей, колдонулуп жаткан кубаттуулуктардан тышкары, Довлетабад—Сарахс—Хангеран багыттары боюнча жана Чалоюк газ өлчөө станциясы аркылуу Иранга берилүүчү газдын көлөмүн жылына 40 миллиард кубометрге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.
Жолугушуулардын жыйынтыгында түркмөн жана иран тараптары Түркмөнстандан Ирак Республикасына Иран Ислам Республикасынын аймагы аркылуу «SWAP» схемасы боюнча жылына 10 миллиард куб метрге чейинки жаратылыш газын сатып алуу-сатуу боюнча келишимге кол коюшту.



















