Парижде парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгына нааразы болгон жарандар полиция менен кагылышты.
Митингчилер тартип сакчыларына фейерверк ыргытышууда, полиция аларды көздөн жаш агызуучу газ менен таратууга аракет кылууда.
Демонстрация бир нече саат тынч мүнөздө өткөн. Анын катышуучулары ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкканына нааразы экендиктерин билдиришип, антифашисттик ураандарды чакырышты.
Андан кийин аларга black bloc кыймылынын жаштары кошулган. Алар кафенин терезелерин талкалап, фейерверктерди аттарып, таштанды челектерин өрттөй башташкан. Полиция аларга көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди.
Шаарда ондогон аялдамалар, витриналар талкаланып, таштанды челектери оодарылган.
Парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктары боюнча ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы жалпы добуштардын 34,2%на ээ болуп, алдыга чыкты.
Солчул партиялардан куралган “Жаңы элдик фронт” аттуу саясий блок 29,1% добуш топтоп, экинчи орунду ээледи. Ал эми президент Эммануэль Макрондун партиясы курамына кирген “Жалпыбыз республика үчүн” саясий коалициясы 21,5% добуш менен үчүнчү орунга чыкса, Республикачылар партиясы жалпы добуштардын 10,2%ын алып, төртүнчү орунду ээледи.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 66,71% катышты. Бул Le Parisien гезитинин жазганына караганда, 2002-жылдан берки мындай шайлоо үчүн эң жогорку көрсөткүч. 2022-жылдагы мурунку шайлоонун биринчи айлампасында шайлоочулардын 39,42%ы катышкан.
9-июндагы Европарламенттин депутаттарын шайлоодо ашынган оңчулдар алдыга чыкканда Макрон кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаган. Анда оппозициялык оңчул “Улуттук биримдик” партиясы 31%дан ашык добуш алса, президенттик партия 14,6% менен экинчи орунга чыккан.
Азырынча бир дагы партия добуштардын абсолюттук көпчүлүгүн албагандыктан, 7-июлда боло турган шайлоонун экинчи туру чечүүчү болот.


















