Өткөн жумада Австриянын борбору Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвеститциялык форум болуп өткөн. Бул форумда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун сунуштап, каражат чогултуу боюнча бир катар маселелер каралган. Жыйынтыгында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган.
Бул документке ылайык, Камбар Ата ГЭС-1 боюнча координациялык комитет түзүлүп, ага дүйнөлүк банк баштаган бир нече банктар кирди. Ошондой эле комитеттин келерки жыйынын күз айларында өткөрүү пландалган. Мындан тышкары Венадагы форумдун алкагында кыргыз экономика министрлиги эл аралык финансы коорпорациясы менен күндөн энергеия алуучу 2 подстанция куруу тууралуу келишимге кол койгон.
Бул форумдун жүрүшүнө көз салган экономист Искендер Шаршеев 7-каналга берген маегинде:
“Венадагы жолугушуу абдан жакшы өттү. Көп жылдан бери мындай жогорку деңгээлдеги форум өтө элек болчу. Негизи, буга чейинки форумдарда экология боюнча сөз айтылып келген менен деңгээли жогору болду.
Ошентсе да, бул жерде кандайдыр бир тобокелчиликтер да бар. Мисалы, Камабар Ата ГЭС-1ди кыргыз тарап эле башкарбай, Казакстан, Өзбекстан да башкарып калышат. Кандай башкарышат, кандай чечим кылышат? Суунун көлөмүн кантип эсептешет? Бул суроолордун чечилиши али алдыда. Бирок, ошол 5 миллиард киловатт энергия бере турган ГЭС курулса, өлкөбүздөгү энергетикалык кризис чечилмек. Азыр бизде жылына 15 миллиард киловатт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Кээде климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөр азайып, 13 миллиард киловатт керектелсе, кышкы мезгилдерде 2 миллиард киловатт саат жетпей калышы ыктымал болуп жатат. Аны сырттан сатып алууга мажмур болуп калып жатабыз. Муну эске алганда бизге 2 миллиард килловаттык ГЭСтер, энергия булактары керек”,- деди.
Анын айтымында, калкыбыздын да саны өсүп, келерки 5,6 жылдын ичинде өлкөбүз электр энергиясын 20 миллиард киловаттка чейин керектеп калат. Себеби, биздин өлкөдө 1 миллионго жакын унаалар бар. Эгер алардын баары электр унаага алмаштырылса, анда биздин талап 2 миллиард киловат саатка жогорулашы мүмкүн. Бирок, бир жакшы нерсе, андан түшкөн акча 1,5 миллиард доллардын тегереги болот. Бул каражат өлкөнүн ичинде калат. Азырынча бизден 3 миллиард доллардын тегерегиндеги каражат күйүүчү май үчүн сыртка чыгат. Азыр биздин соода балансыбыз -3 миллиард доллар экендигин белгилеген.
Эконист мындан тышкары Сары-Жазга көңүл буруп, экологиялык суроолорду эске алуу менен ГЭСтерди куруу жакшы натыйжа берерин билдирди. Анын пикирине карганда, бул жерде энергия өндүрүү мүмкүнчүлүгү чоң. Дагы 7,8 миң киловаттык энергия өндүргөн каскаддарды курса болот. Албетте, анын каражаты өтө жогору. Ал эми ГЭСтерди курганда кайсы бир аймак казылып, тоолордун релефи өзгөрөт. Жаратылышка дагы канчалык бир деңгээлде зыян болушу мүмкүн.
Ал эми, Камбар-Ата ГЭС-1дин экологиялык зыяны аз болорун билдирип, инвестиция тартуу маселесине токтолду.
“Мисалы, азыр биздин өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 10 миллиард доллар. Бул жерде баарын эске алганда эл аралык инвестициялар керек.
Форумдун жүрүшүндө Камбар Ата ГЭС-1 боюнча координациялык комитет түзүлүп, ага дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүу банкы, Ислам өнүктүрүү банктары менен бирге укканым боюнча, ОПЕК дагы кириптир. Бул аябай кызыктуу нерсе. ОПЕКтин мүчөлөрү аябай бай өлкөлөр. Инвестицияларды ал жерден да тартууга мүмкүн”,- деген эксперт.
Түшүндүрмө: ОПЕК- мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму. Дүйнөлүк экономикада жылдан-жылга маанилүүлүгү күчөгөн, олуттуу мааниси бар мунай булактарынын көп бөлүгү өнүгүп келе жаткан мамлекеттер.
Эскерте кетсек, Камбар-Ата ГЭС-1 мөңгүлөрдүн башатында жайгашкан. Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын топтоо жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана келечекте чоң мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт.
Долбоор Кыргызстанды жана Борбордук Азиянын башка кошуна өлкөлөрүн эң арзан баада таза энергия менен камсыздайт. Камбар-Ата ГЭС-1дин долбоору Токтогул ГЭСинен бир жарым эсеге чоңураак.
Айрым маалыматтарга караганда, 2050-жылга карата Борбор Азияда калктын саны 27%, тамак-ашка болгон суроо-талап 35%, ичүүчү сууну керектөө 50%га жогорулайт. Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун маанисинин жогорулоосунун дагы бир себеби ушул жагдайларга байланыштуу.

















