Бишкек – Балыкчы – Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү поезди 14-июндан тарта каттай баштайт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан ары 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.
“Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та жөнөп, Балыкчы бекетине саат 11:46да, Балыкчыдан кайра саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 бекетине саат 22:18де келет. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар”, – деп айтылат маалыматта.
Билет баалары:
- Стандарттуу вагондордо 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом;
- 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом;
- Люкс вагонунда 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом;
- 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом;
- ВИП вагондо 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз;
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом;
- 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом.
Кол жүгүн жеткирүү акысыз.
Аталган ишкана билеттерди https://railway.kg сайтынан онлайн сатып алууга болорун кошумчалады.



















