Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Н. Шакиев И. Алиев менен кыргыз-азербайжан кызматташтыгын талкуулады

  • Кыргызстан
  • 06.06.2024 17:39

Loading

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын апрель айындагы Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы байланыштардын жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктүн пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.

Тема боюнча

Азербайжанда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

Азербайжанда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

04.07.2025

Муну менен катар жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттер аралык диалогдун да мааниси чоң экенин айткан Төрага: “Жогорку Кеңеш менен Милли Межлистин ортосунда калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди.

Андан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолду.

“Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Айрыкча, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди Төрага.

Жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да көтөрүлүп: “Бул жаатта да алгылыктуу иштер аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы Баку шаарында Кыргызстандын биринчи Маданият күндөрү уюштурулуп, бир туугандыкты жана достукту даңазалаган маанилүү иштер өткөрүлдү. Мындан ары да аталган багытта тыгыз иш алып барып, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүбүз керек. Анткени, маданий алакалар эки элдин жакындашуусу үчүн өтө зарыл”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевди жылуу кабыл алып, бул расмий сапар байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/06/audio-2.mp3

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолгон Ильхам Алиев Кыргызстанга жасаган расмий сапарындагы урунттуу учурларга токтолду.

Тагыраагы, буга чейин Азербайжандын атынан Кыргызстанда мектеп ачылса, жакында эле Кыргызстандын атынан Азербайжандын Хыдырлы айылына жаңы билим уясынын пайдубалы түптөлгөнүн кошумчалады.

“Буйруса аталган билим берүү мекемелери боордош эки калктын ортосундагы терең байланыштын символу катары таанылып, келечек ээлери үчүн кызмат кылат деген үмүттөмүн”, – деди Азербайжандын Президенти.

Ошону менен бирге улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылып, быйыл Баку шаарында залкар жазуучунун элеси түшүрүлгөн эстелик ачылганын эске салды. “Чыңгыз Айтматов кыргызга гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таандык улуу калемгер. Андыктан азербайжан эли калемгердин чыгармачылыгын жогору баалайбыз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар Ильхам Алиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 млн АКШ долларынан 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгилеп, биргелешип ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: И. Алиевкыргыз-азербайжан кызматташтыгыН. Шакиев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Алиев Кыргызстанга Карабахты калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Алиев Кыргызстанга Карабахты калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

31.07.2026
Азербайжанда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

Азербайжанда “Айкөл Манас” мектеби ачылды

04.07.2025
С. Жапаров ЭКУнун 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат

С. Жапаров ЭКУнун 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат

03.07.2025
Кыргызстандын жаңы гимнин 2025-жылдын апрель айына чейин кабыл алуу керектиги айтылды

Кыргызстандын жаңы гимнин 2025-жылдын апрель айына чейин кабыл алуу керектиги айтылды

12.12.2024
Төрага Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

Төрага Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

14.10.2024
Төрага Н. Шакиев иш сапары менен Тажикстанга барды

Төрага Н. Шакиев иш сапары менен Тажикстанга барды

11.10.2024
Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

Н. Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

08.10.2024
Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

30.09.2024
Н. Шакиев:  “Дааваттын жардамы менен аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген…”

Н. Шакиев: “Дааваттын жардамы менен аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген…”

19.09.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.