Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-июлда Азербайжандын Ханкенди шаарында өтө турган “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы” деп аталган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барат.
Бул маалыматты президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип өзүнүн соц.тармактагы баракчасы аркылуу жазды.
Анын билдирүүсүнө ылайык, саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Иран Ислам Республикасы, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан республикаларынын мамлекет башчылары катышат. Алардан сырткары Түркия менен Түркмөнстандын президенттери жана өкмөт башчылары да болот.
“Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат”,- деп жазды Сагынбек Абдумуталип.
Ал ошондой эле президенттин расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын Агдам районундагы кыргыз тарап курган “Айкөл Манас” мектебинин расмий ачылышы болорун кошумчалаган.



















