НАТО альянс өлкөлөрүнүн бирине Россия Федерациясы тарабынан ыктымал кол салуу болгон учурда АКШнын аскерлерин Россиянын чек араларына жөнөтүү пландарынын үстүндө иштеп жатат.
Британиялык The Daily Telegraph басылмасы жазгандай, бир нече кургактык коридорлору түзүлүүдө, алар зарыл болгон учурда негизги коридорду алмаштырат. Башкача айтканда, анда америкалык аскерлерди Роттердам портуна түшүрүүнү жана аларды Нидерланддын жана Германиянын аймагы аркылуу темир жолдор менен Польшага өткөрүү каралган.
НАТОнун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча командачылыгынын (JSEC) башчысы Александр Зольфранк техникаларды жана аскерлерди Европа аркылуу алып өтүү үчүн бир нече жакшы иштелип чыккан альтернативалык маршруттарга ээ болуу зарылдыгын түшүндүрүп жатып: “Россиянын Украинадагы аскердик аракеттерине байкоо салып, баа берип жатып, РФ Украинанын логистикалык базаларына сокку уруп жатканын белгиледик”, – деп билдирди.
Анын айтымында, Украинадагы аскердик операциялардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, Ирак менен Ооганстандагыдай ири логистикалык базалар актуалдуу эмес, анткени жаңжал чыккан учурда алар тез эле жок кылынат. Ал эми жаңы план ушундай тобокелдиктерди эске алуу менен даярдалган жана «туруктуу» транспорттук чынжырларды түзүүнү камтыйт.
Зольфранк ошондой эле альянстын учурдагы абадан коргонуу системалары Европадагы бардык негизги логистикалык борборлорду жана башка маанилүү жана аялуу буталарды коргоо үчүн “ар дайым жетишсиз” болорун белгиледи.
The Daily Telegraph белгилегендей, альянс Нидерланды – Германия – Польша логистикалык коридоруна кошумча, дагы кеминде төрт башканы даярдап жатат: Италия – Словения – Хорватия – Венгрия, Греция – Болгария – Румыния, Түркия – Болгария – Румыния жана Норвегия – Швеция – Финляндия. Бул Түндүк Европанын портторуна Россиянын ыктымал чабуулдары учурунда альянска бир аз ийкемдүүлүктү камсыз кылат.
Басылманын маалыматы боюнча, 2018-жылы түзүлгөн JSEC командачылыгы бул тапшырманы акыркы беш жылдан бери чечип келген, ошол эле учурда жүктөрдү жана аскерлерди Евробиримдиктин аймагы аркылуу чек араларда кечигүүсүз жогорку ылдамдыкта жана коомчулуктун айрым мүчөлөрүнөн атайын уруксатын алуусуз өткөрүү системасын түзүүгө аракет кылып келген.
Зольфранк 2023-жылдын аягында Reuters агенттигине берген маегинде, зарыл долбоорлорду каржылоого 660 миллион евро сарпталганы менен, “аскердик Шенген” дагы эле максаттуу иштебей жатканын моюнга алган.
НАТОнун лидерлери былтыр Вильнюста өткөн саммитте альянсты коргоо үчүн 300 миң аскерди жогорку даярдыкта даярдоону макулдашкан.
АКШ жана анын союздаштары Москва НАТОго кол салышы мүмкүн деп ырастап келишет. Бирок Россиянын президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинде Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салбай турганын, мунун эч кандай мааниси жок экенин баса белгилеген. Ал батыш саясатчылары элдин көңүлүн ички көйгөйлөрдөн алагды кылуу үчүн өз калкын Россиянын ойдон чыгарылган коркунучу менен дайыма коркутуп турушарын белгилеген.















