Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 35,3 млрд долларды же ИДПнын 38,3%ын түздү. Былтыр тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгым 2,82 миллиард долларга жеткен. Мамлекеттик карыздын 93%дан ашыгы чет элдик валютада чогултулган.
2024-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 35,3 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.
Министрлик тараткан отчётто өткөн жылы 5,7 миллиард доллар карыз акча чогултулганы айтылат. Тактап айтканда, 2023-жылы мамлекеттин тышкы карызы 3,7 миллиард долларга өсүп, 29,6 миллиард долларды түзгөн. Ички карыз 2 миллиард долларга өсүп, 5,3 миллиард долларга жетти.
Мамлекеттик карыздын өлкөнүн ИДПсына карата катышы 2022-жылдын аягындагы 36,4%дан 2023-жылдын акырына карата 38,4%га чейин өстү.
2024-жылдын 1-январына карата мамлекеттин тышкы карызын кредиторлор арасында бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
Дүйнөлүк банк – 6,6 млрд доллар;
Азия өнүктүрүү банкы – 6,4 млрд доллар;
Эл аралык инвесторлор (эл аралык еврооблигациялар) – 3,4 млрд доллар;
Япония эл аралык кызматташтык агенттиги – 2 млрд доллар;
Кытайдын Эксим банкы – 1,9 млрд доллар;
Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы – 1,4 млрд доллар;
Азия инфраструктуралык инвестиция банкы – 1,3 млрд доллар;
Ислам өнүктүрүү банкы – 0,9 млрд доллар;
Кореянын Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду – $0,8 млрд;
Эл аралык Валюта Фонду – $0,8 млрд;
Франция өнүктүрүү агенттиги – 0,7 млрд доллар;
Европа өлкөлөрү (Германия, Испания, Италия, Люксембург, Польша, Австрия) – 0,4 млрд доллар:
Japanny El aralik kyzmattashtyk banks – $0,3 млрд;
Европа банктарды реконструкциялоо – 0,3 млрд доллар;
Башка эл аралык каржы уюмдары – 2,4 млрд.
Белгилей кетсек, 2023-жылга карата мамлекеттик бюджеттин мыйзамында тартыштыкка 3 пайыздык чектөө каралган, бирок мамлекеттик чыгашалар кирешеден кескин ашып кеткендиктен, бюджет мыйзамына өзгөртүлүп киргизилип, чек 5,5 пайызга чейин көтөрүлгөн. Тышкы карыздын жылдык чеги 4,5 миллиард доллардан 5,5 миллиард долларга чейн көбөйтүлдү.
Мурда Өзбекстандын өкмөтү дүйнөлүк каржы рынокторунда жалпы баасы 1,5 миллиард доллар суммасындагы кезектеги эгемендүү еврооблигацияларын жайгаштыргандыгы маалымдалган.



















