Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали менен жолугушту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн башында Сагинтаев маектешине Ирандын президенти Ибрахим Раиси жетектеген өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Жолугушууда евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Алардын эң негизгилеринин бири 2023-жылы декабрда кол коюлган жаңы келишимге ылайык Иран менен өз ара аракеттенүү. Документке ылайык, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соодада товардын 90%ына бажы алымсыз жүргүзүлөт.
“Жаңы Келишим соода жүгүртүүнү көбөйтүү, соода жана кооперациялык мамилелерди диверсификациялоо үчүн кошумча шарттарды түзөт. Натыйжада ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы соода сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгат”, — деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Учурда ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат.
Тараптар ошондой эле тармактык кызматташуунун келечегин, анын ичинде транспорт жана транзит маселелерин талкуулашты. Ошондой эле форумдар, көргөзмөлөр, бизнес-диалогдор жана B2B жолугушуулары аркылуу бизнес байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы ирандык кесиптештерин ушул күздө ЕАЭБдин негизги бизнес-иш-чарасына – Еревандагы Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, убактылуу соода келишиминин иштөөсүнүн акыркы беш жылында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү эки эседен ашык өскөн. 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен. Сооданы өнүктүрүүнүн оң динамикасы 2024-жылы да уланат.



















