Быйылкы жылы өзбекстандыктар үчүн ажылык сапарга баруучулар үчүн жалпысынан 15 миң орун бөлүндү. Бул тууралуу республикалык Дин иштери боюнча республикалык комитеттин пресс-кызматынын жетекчиси Ильхом Марупов билдиргендигин «Янги Узбекистон» гезити жазды.
Чиновниктин кошумча маалыматына ылайык, зыяратчыларды жөнөтүү 23-майдан тартып 7-июнга чейин Ташкент, Нукус, Ургенч, Бухара, Наманган, Фергана, Карши, Навои, Термез жана Самарканддын эл аралык аэропортторунан жүргүзүлөт. Кайра өзбекстандыктар Жиддадан учак каттамы менен 22-июндан 12-июлга чейинки аралыкта келе алышат.
Дин иштери боюнча комитет Меккедеги зыяратчылар жайгаша турган мейманканалардын тизмесин жарыялады. Сауд Аравиясындагы ажылык маалында жарандардын коопсуздугу үчүн врачтардан, ашпозчулардан жана топтордун жетекчилеринен турган атайын команда түзүлгөндүгүн кошумчалашты.
Биринчи мындай бригада өз ордуна жетти жана өзбекстандыктардын мусулмандар үчүн ыйык шаарларга баруусуна ыңгайлуу шарт түзүүнүн үстүнөн иштөөдө.
Марупов ажылык зыяратты аткаруу атайын «Хадж-2024» визасы болгондо гана уруксат берилерин эске салды. Сауд Аравиясынын эрежесине ылайык, бул өлкөгө башка документтер менен зыярат кылууга уруксат берилбейт.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, аравиялык ММКлардын маалыматы боюнча, өткөн жылы 15 миңден бир аз көбүрөөк өзбекстандыктар ажылык сапар жасоого ниеттенишкен. Ал кезде мындай сапардын баасы 70 млн сумга ($6 тегереги) жакын болгон. Быйылкы жылдагы чыгымдар тууралуу маалымат берилген эмес.
Борбор Азиядагы постсоветтик республикалардагы ажылыкка бөлүнгөн орундар
Казакстандан Меккеге расмий түрдө 5081 адам бара алат. Бирок өлкөнүн Мусулмандар башкармалыгы эгер жарандар кабыл алуучу тараптын эрежеси боюнча каттоодон өтүшсө жана алдын ала кызмат акысын төлөшсө, зыяратчылардын саны 10 миңге чейин жетиши мүмкүн. Анын баасы тууралуу маалымат берилген эмес.
Кыргызстан 6060 адамды жөнөтүү укугун алган. Мындан тышкары бийлик дагы 500 кошумча орун даярдаган. ММКлардын маалыматы боюнча, ыйык жайга барууну каалагандардын бардыгы алдын ала $2 жана кайтарымсыз 1000 сом ($11) төлөшкөн. Быйылкы жылы кыргызстандыктар үчүн хадж $3750 тегерегинде болот. Белгилей кетүүчү жагдай, бул өлкөдө ажылык сапардын баасы жыл сайын арзандоодо: 2022-жылы $4,5 миң, 2023-жылы — $3,9 миң болгон.
Тажикстан үчүн бөлүнгөн орун 7 миңдин тегереги. Сапардын баасы канча экендиги азырынча айтыла элек, бирок өткөн жылы ажылык үчүн чыгымдар бир адамга 59 миң сомониге (болдолдуу $5440) жеткен.
Түркмөнстан боюнча январда республиканын бийлиги Сауд Аравиясы менен Меккеге борбор азиялык өлкөдөн жашоочуларды жөнөтүү боюнча макулдашуу түзгөндүгү белгилүү. Бирок мамлекеттик ММКларда зыяратчылардын саны тууралуу маалымат берилген эмес. 2023-жылы 2312 түркмөнстандыкка ажылыкка барууга уруксат берилген, бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик он эсеге көп.
Ажылык мусулмандардын Зуль-Хиджа айынын 8-12-күндөрү жасалат. 2024-жылы ажылык зыярат 15-19-июнь күндөрүнө туура келет.
2023-жылы Мекке жана Мединага ажылыкка бүткүл дүйнө жүзүнөн 1,8 млн.дон ашык мусулмандар барышкан. Ал эми атайын визасыз зыярат кылуу аракетин көргөн 17,6 миң адам кармалган. Алардын ичинде – 9,5 миңи жашоо, иштөө жана чек ара коопсуздугун бузгандар, 105 жалган зыяратчылык сапарларын жана 33 зыяратчыларды мыйзамсыз ташыган топтор.

















