Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барышы күтүлүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев орусиялык кесиптеши менен анын даярдыктарын талкуулады-деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы.
Бул контекстте эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар практикалык маселелери көтөрүлөт.
Владимир Путин ошондой эле Кытайдын жетекчилиги менен Пекиндеги өткөн сүйлөшүүлөрдөн алган таасирлери менен бөлүштү.
Эки тарап Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы альянсты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.
Бул В. Путиндин бешинчи ирет өлкө башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган экинчи мамлекеттик сапары болмокчу. Биринчи сапарын Кытайга жасаган.

















