Кыргызстан менен Кытай биргелешип жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде ведомстволор аралык кеңешме өткөрүп, анда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.
Ошентип, жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Мындан тышкары, Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.
Кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өткөн. Кыргызстан аркылуу Кытайдан кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнө, Россия жана Европа аймагына да ар кандай товарлар реэкспорт болуп турат.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтык көпүрөсү болуу максатында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.



















