Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бишкектин вице-мэри эмне үчүн кармалды? УКМКнын жообу

  • Коом
  • 15.04.2024 12:39

Loading

Борбор калаанын вице-мэри С.М.Ш. мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу коопсуздук органынын маалымат кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык,  УКМК тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган С.М.Ш., мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Тема боюнча

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

19.11.2026

Тактап айтканда, С.М.Ш. мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок, С.М.Ш. өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган.

Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, УКМК тарабынан кармалган чиновник Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов экендигин ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Сазыкулов шаардагы транспорт жана курулуш иштерине жетекчилик кылат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Бишкеквице-мэркоррупцияУКМК
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

19.11.2026
Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

19.11.2026
Монголиянын президенти  кызматтан кетерин жарыялады

Монголиянын президенти кызматтан кетерин жарыялады

18.11.2026
«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

13.11.2026
Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

27.10.2026
Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

26.10.2026
Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

23.09.2026
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынды

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынды

28.08.2026
А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

25.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.