Учурда Тик Ток социалдык тармагы Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө популярдуулугу ашып турган чак. Аны колдонуу менен адамдар ден соолуктарына зыян келтирип жатышат деген пикирлер көп айтылып калууда. Бирок аны зыянын эмес, пайдалуу жагын колдонуу керек дегендер бар.
Алардын бири – мугалимдерге медиа сабаттуулук тууралуу семинар-тренингдерди көп жылдардан бери өтүп жүргөн Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун өкүлү Тынчтыкбек Бекташ уулу.
Ал Тик Токко тыюу салынбаш керектигин, анын ордуна жаштар арасында көзөмөлдү күчөтүп, коомго түшүндүрүү иштерин өткөргөн атайын өнөктүк жүргүзүш керек деп эсептейт.
– Тынчтыкбек мырза, саламатсызбы? Тик Токтун коомго тийгизген таасири кандай болуп атат?
– Саламатчылык. Оң таасири менен терс таасири жанаша десек болот. Анткени оң таасири мындай: социалдык тармактардын адамдын изин тааный турган өзүнчө алгоритми бар да, адам эмнени көп көрсө, ошол темадагы контенттерди жараткан колдонуучулардын продукциялары лентасына чыга берет.
Эгер мен жалаң гана тамактын түрлөрүн жасоо боюнча рецептерди көп издесем, ушундай контент жаратуучулардын эмгектери келе берет. Эгер мен Тик Токтун жардамында спорт жаатында өнөр үйрөнүп атсам, ошол багыттыга контенттер көп чыгат. Бул пайдалуу жагы.
Ал эми терс жагы, эптеп эле хайп кармап, айрым бир адеп-ахлактык, моралдык чектерден чыгып кеткен учурлар да көп болуп калууда. Бул айрыкча жаштардын арасында.
Ошол үчүн мен муну бир беткей айта албайм. Биз, Тик Токтун айынан өтө жакшы же өтө жаман болуп кетип атабыз дебестен, тескерисинче, элди, коомду медиа сабаттуулукка үйрөтсөк, Тик Токту эле эмес, бардык соцтармактарды максаттуу пайдаланпыз.
– Ошол максаттуу пайдалануу үчүн эмне кылыш керек? Айтайын дегеним, азыр Тик Токтогу видеолорго ким эле болбосун азгырылып, кирип кетип атат да. Алаксып, бир баш баккандан кийин чыга албай калып атышат?
– Ооба. Негизи Тик Токту чегинен ашыкча пайдалансак, ден соолукка да, биздин өнүгүүбүзгө да зыян экенин коомго түшүндүрүшүбүз керек. Себеби, кереги жок жеңил-желпи контенттер болуп калат. Аларда да бир канча түргө бөлүнөт да, ошолордун жеңил-желпи тармагына кирип, кимдир бирөөнүн жеке жашоосу же болбосо көңүл ачуучу, таштанды маалыматтар жагына көбүрөөк кирип кетсе, зыяндуу жагы аябай көп болот.
Сапаттуу маалымат менен таштанды маалыматты айрый биле ала тургандай кылып, жаштарга билим беришибиз керек. Жаштарга эле эмес, жалпы эле коомчулукка бериш керек, мындай билимдерди. Анткени, улуу муундагылардан деле Тик Токко үңүлүп, башы кирип кетип, ошол бойдон кеч кирип калганын туйбай калган учурлар аябай көп болуп атат. Демек, элге Тик Токто убакытты максаттуу пайдаланганды үйрөтүшүбүз керек. Мында билим берүү аркылуу, балким, коомдук чакырыктар же түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу медиа сабаттуулукка үндөшүбүз керек.
Бирок биз Тик Токту жабыш керек деп, мунун себебин андан көрбөстөн, Тик Токтун туура жагын пайдаланып, керектүү учурда гана пайдалана турган жагын айтуу менен коомго жардам берип, ушул боюнча көбүрөөк маалыматтарды таратышыбыз керек го деп ойлойм.
– Маданият министрлиги Тик Токту жабуу боюнча өтүнүч келтирбеди беле, эгер жабылбай калса, анын зыяндуулугу дагы канчага артып барат деп ойлойсуз?
– Биз, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсөк, зыяндуулугу көп боло берет. Толук кандуу көзөмөлдөбөсө дагы, түрдүү багытта чек коюу менен жасаса болот. Көзөмөл деген толук тыюу эмес да. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “ата-энелердин көзөмөлү” деген бар, мисалы, ата-энелер Тик Токтун алгаритимдерин өзгөртүп, уяттуу, зыянкеч контенттерди көрбөй турган кылып койсо болот дегендей…
Менин оюмча, зыяны менен пайдасы тең таразадай болуп, бирдей кете берет. Анан биз, жалаң зыяндуу жагын карап эле чечим чыгарып, Тик Токту жапсак эле жыргап кете тургандай көрсөтсөк, жарашпай калат.
Биз демократиялык коомбуз деп айтабыз, эгер соцтармактарга тыюу салсак, Түркмөнстанга окшоган мамлекетке айланышыбыз толук мүмкүн. Жабуу, бөгөттөө аркылуу эмес, элдин сабаттуулугун, аң-сезимин көтөрүү аркылуу ийгиликке жетише алабыз.
Маселе – биздин өзүбүздө, коомчулукта, элдин аң-сезими менен билиминде деп ойлойм.
– Сиз, соцтармактардан, дегеле интернеттен маалымат алып, аны туура жагынан пайдалануу тууралуу коомчулукта, айрыкча, мектеп мугалимдерге медиа сабаттуулук тууралуу бир топ жылдан бери семинар-тренингдерди өткөрүп жүрөсүз. Мугалимдердин арасында соцтармактарды колдонуудагы өзгөчөлүктөр кандай экенин байкадыңыз?
– Мугалимдердин жаш курагы, негизинен жаштар менен орто муундагылар басымдуулык кылат. Орто муун көбүнчө фейсбукка киришет. Анткени алар, көбүрөөк текст окушат. Анан инстаграмга киргендер эми-эми бир аз көбөйдү. Жалпысынан алар сайттардан маалыматтарды алышып, окутуу ишмердүүлүктөрүнө пайдаланышат. А Тик Ток окуучулардын арасында басымдуулук кылат.
– Соцтармактар тууралуу дагы эмне кошумчалагыңыз келет?
– Эми соцтармактардын ар биринин өзүнчө аудиториясы, табияты, формасы бар эмеспи. Ошол өзгөчөлүктөрүн биз жакшыраак түшүнүшүбүз керек. Анан бул боюнча “Информатика” сабагында жана “Адам жана коом” деген предметтеринде медиа сабаттуулук боюнча айтылат. Андан сырткары, класстан сырткаркы иш-чарада эле эмес, мектептеги билим берүүнүн чегинде эле эмес, коомго да чакырыктарды салып турушубуз керек. Колдонбогула дебейбиз, тыюу салынбайт, бирок ченеми менен колдонуу керектиги айтылат.
Мисалы, тез татымдын тамагы аябай ширин жана бат даярдалат. Ыкчам, баягы, “ат үстүндө казан аскан” сыяктуу. Дайыма десеңер, ден соолугуңардан айрыласыңар, бирок кээде жеп турган деле зыян эмес деген сыяктуу соцтармактарга да ушундай мамиле кылуу тууралуу чакырык таштап, атайын өнөктүк жүргүзүү керек го дейм.
– Рахмат маегиңизге!
Маектешкен: А.Белеков



















