TikTok социалдык тармагы Европа Биримдигинин аймагында бөгөттөлүшү мүмкүн экенин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдиргенин Politico басылмасы жазды.
Фон дер Ляйен Еврокомиссия кызматкерлерине TikTokту жумуш телефонуна орнотууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи уюм болгонун эске салды.
Өткөн аптада TikTok Еврокомиссиянын дагы бир эскертүүсүнөн кийин колдонуучуларга сыйлык берүү программасын токтоткон.
Буга чейин Европа комиссиясы ЕБдеги санариптик кызматтар боюнча жаңы мыйзамга ылайык, TikTok ээлерине TikTok Lite тиркемелеринин тобокелдиктерине баа берген докладга кайра сурам жөнөткөн. Анда “лайктар” үчүн сый акы караган функция да камтылган.
Еврокомиссия мындай тобокелдиктерге баа берүү компания тарабынан талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес деп шек санап, ал эми сый акы берген ыкма колдонуучуларга, өзгөчө балдарга терс таасирин тийгизип, көз карандылыкты жаратышы мүмкүн деп эсептейт.
TikTokту бөгөттөө аракеттери бир катар өлкөлөрдө жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын аймагында TikTok платформасы расмий түрдө 18-апрелден баштап бөгөттөлгөн. Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкөдөгү интернет провайдерлерге TikTok платформасын бөгөттөөнү тапшырган. Маданият министрлиги бул социалдык тармакты тыюу чечимин өткөн жылы чыгарган.
Казакстан да TikTok платформасын жабууну карап жатат. Адепсиз сөздөр жана шектүү мазмундагы видеолордон улам бөгөттөө мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын өлкөнүн Маданият жана маалымат министри Аида Балаева өткөн аптада билдиген.
TikTokту бөгөттөө аракеттери АКШда дагы уланууда. 20-апрелде АКШнын Конгрессинин өкүлдөр палатасы ByteDance платформаны сатпаса, TikTokту өлкөдө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден TikTokтун ээси кытайлык ByteDance компаниясы жакынкы 270 күндүн ичинде өлкөдөгү бизнесин сатпаса, АКШда тыюу салган өзүнчө мыйзам долбооруна кол койгон.
Буга чейин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгыныны (ЦРУ) директору Уильям Бёрнс TikTok соцтармагы АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин билдирген.


















