Түркияда Instagram социалдык түйүнү бөгөттөлдү. Мындай чечимди өлкөнүн Технологиялар жана коммуникациялар боюнча кеңеши кабыл алганын Hurriyet басылмасы кабарлады.
Билдирүүдө бөгөттөөнүн себептери жана мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.
Түрк ЖМКларынын маалыматына караганда, бийлик мындай чечимди президенттик администрациянын коммуникациялар боюнча директору Фахреттин Алтун ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан билдирүүлөрдү бөгөттөгөнү үчүн Instagram’ды сынга алгандан кийин кабыл алган болушу мүмкүн.
Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Ханиянын өлүмүнө байланыштуу Түркияда 2-августту улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Буга чейин Эрдоган палестиналыктарга жардам берүү үчүн Анкара Израилге кириши мүмкүн экенин айткан.
“Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой киребиз, буга эч тоскоолдук жок”, – деген Эрдоган.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги түрк президентинин бул билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны 2006-жылы өлтүрүлгөн Саддам Хусейнге салыштырган.
31-июлда палестиналык ХАМАС кыймылы уюмдун Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегерандагы резиденциясына Израилдин соккусунан улам каза болгонун кабарлаган. Ал Иранга жаңы президенттин инаугурациясына катышуу үчүн келген. Кыймыл Ханиянын өлүмү үчүн Израиль менен АКШны айыптап, кол салуу жоопсуз калбасын билдирген.


















