Раим Матраимов менен кошо анын бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да Бишкекке алып келинди.
2024-жылдын 25-мартында КР УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбек Ысмайыловичти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле аны менен бирге Р. Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.
Белгилей кетсек, Р. Матраимов жоюлган “Мыйзамдагы ууру” К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.
Тактап айтканда, Р. Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, Матраимовдор Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө кармалып, Бишкекке өкмөттүк учак менен жеткирилген.



















