22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында ок атуу болуп, кеминде 60тай киши набыт болуп, жүздөн ашууну жаракат алды.
Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди.
Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, бул жерде “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз адамдар автоматтан ок чыгарган.

Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам залга кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Андан көп өтпөй имаратта ири өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө авиация тартылган.
Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Учурда теракттын уюштуруучулары изделүүдө. Кылмышкерлер окуя болгон жерден Renault үлгүсүндөгү ак түстөгү унаа менен качып кеткендиги божомолдонууда.
Сүрөттү РИА Новости бөлүштү.


















