Кыргызстан 22-мартта “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, – деп айтылат маалыматта.
22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кандуу кол салуу болду. Анын кесепетинен 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди.
Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.
Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө авиация тартылган.
Терактыда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны болушу мүмкүн деген маалымат тастыкталбаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги менен биргеликте “Крокус Сити Холлдо” болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү жана кырдаалды байкоону улантып жатканы айтылат.
Министрлик “Крокус сити холлдогу” террордук актка байланыштуу Москва шаарындагы жарандардын маасалык топтолгон жайларына баруусунан баш тартуусун суранды.
Өзгөчө кырдаалда жарандар элчиликтин +7 925 115 50 47 жана министрликтин +996 999 312 002 ыкчам телефондор менен байланышса болот.


















