БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Катардын борборуна жасаган соккусун айыптап, араб өлкөсүнүн эгемендигин колдой турганын белгиледи. Бул туурасында органдын билдирүүсүндө айтылганын Улуу Британиянын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү Х баракчасында жарыялады.
“Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү 9-сентябрда негизги ортомчунун аймагы болгон Дохага болгон соккуну айыпташты. Алар адамдардын өлүмүнө терең өкүнүч билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда анда соккуларды Израил жасаганы белгиленген жок.
Алар БУУнун Уставынын принциптерине ылайык Катардын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын баса белгилешти.
Документте Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле деэскалациянын маанилүүлүгүн белгилешип, Катарды колдоорун билдиришти.
“Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Катардын АКШ жана Египет менен бирге аймактагы ортомчулук аракеттеринде маанилүү роль ойноону улантып жатканын колдоорун дагы бир жолу баса белгилешти”, — деп айтылат билдирүүдө.
Андан сырткары, Коопсуздук кеңеши Газа тилкесинде барымтага алынгандарды бошотуу жана анклавдагы согуштук аракеттерди токтотуу “эң негизги артыкчылык” бойдон калаарын белгиледи.
9-сентябрда Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) аскердик учактары Катардын борбору Дохада палестиналык ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү жашаган турак жайга абадан сокку жасаган. Израил бийлиги операция үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алып, операцияны “Оттуу чоку” деп атады. Араб маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, чабуулдун натыйжасында ХАМАСтын жогорку даражалуу жетекчилери каза болду.
Израилдин Дохага жасаган аба соккусунан кийин Катар бийлиги кескин реакция кылып, бул аракетти “кабыл алынгыс жана кылмыштуу” деп атады. Расмий Доха Израилди түз жооптуу деп жарыялап, аймактык коопсуздукка жана жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаралганын баса белгиледи. Доха соккуга жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп соккудан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн айтып, бул окуяны “кайгылуу кокустук” деп атады.


















