Алмата Өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдирүүсү боюнча, бүгүн 4-мартта жергиликтүү убакыт боюнча 11:22де каттуу жер тирөө болду. КРнын ӨКМнин Улуттук сейсмологиялык байкоолор жана изилдөөлөр станциясы тарабынан жердин силкинүүсү канча баллга жеткендиги такталууда.
Интернет тармактарында көптөгөн адамдар үйлөрүнөн жана кеңселерден көчөгө чуркап чыккан видео таркоодо.
Ошондой эле көчөлөрдө машиналардын сигнализациясы иштеп кеткендиги угулду.
“Жер титирөөнүн очогу Казакстанда Алмата шаарынын түштүк тарабынан 31 километр аралыкта болгон. Жер титирөөнүн энергетикалык классы 13,2. Магнитуда МРV 6.1. Алматада 5 балл”,- деп айтылат ӨКМ маалыматында.
Жер титирөө үч өлкөдө — Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди. Эпиборбору Алматыдан 37, Кыргызстандын Ысык-Көл районунан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн эпиборбору Кыргызстанда экени айтылды. Муну Сейсмология институтунан билдиришти.
Эпиборбору Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым, Алматы шаарынан 40 чакырым, ал эми Бишкек калаасынан 190 чакырым аралыкта экени айтылды.

















