Өткөн жылы президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлык чыгарган. Анда бул коргоого алынган жапайы жандыкты жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди мамлекеттик колдоого алып, тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн өкмөткө атайын тапшырмалар берилген. Ал арада ак илбирсти коргоо менен алектенген уюмдар да өздөрүнө тиешелүү жумуштарды күчөтө башташты. Алардын бири “NABU-Кыргызстан” уюмун атоого болот. Биз анын жетекчиси Толкунбек Асыкулов менен ак илбирске улуттук символдун ыйгарылышы, анын ареалын коргоо, дегеле жаратылышты сактоо боюнча кандай жумуштарды аткаруу алдында турганы боюнча кыскача маек уюштурдук.
– Толкунбек Асыкулович, саламатсызбы? Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын аягында “Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу” деген атайын жарлык чыгарбадыбы. Мындай жарлыктын чыгып калышына сиздердин да салымыңыздар болуптур. Ак илбирсти коргоо боюнча сиздердин уюм да көп жылдардан бери бир топ иштерди аткарып келет. Негизги бул багытта алдыда дагы кандай иштерди аткарууну пландап жатасыздар?
– Саламатчылык. Ооба, президенттин жарлыгы былтыр, 2023-жылдын декабрь айында чыккан. Негизи мындай чаралар экологиялык багытта иштегендер үчүн аябай шык берет. Бул маселеге мамлекет башчысы өзү көңүл буруп атса, ушул тармакка башкалар тарабынан жакшылап иштегенге даңгыр жол ачылат. Ошонун негизинде көтөрүлүп жаткан демилгелерди колдоп, өлкө башчы улуттук символ катары илбирсти койгону жалпы Кыргызстан үчүн колдоого алаарлык иш болду. Жоголуп бараткан илбирсти сактап калууга жалпы калкка, коомчулукка шыктандырууну берип атат. Анан туризм багытында да өнүгүү иштери болуш керек, экологиялык билим берүү, жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө жол ачылды десек болот.
Ак илбирс жоголуп бараткан жаныбарлардын катарында болгондуктан, ал экосистеманын чокусунда турган жаныбар катары, аны коргоо менен биз, жалпы жаратылышты, андагы жашоо чөйрөнү сактап калуу максатында дагы иш-чараларды күчөтөбүз деп турабыз. Негизи муну коомчулук колго алыш керек.
– Ал эми сиздер 2024-жылды “Экологиялык билим берүү жылы” деп атайын иш баштаптырсыздар. Мунун максаты эмнеде? Келечекте ушул пландарыңыздардын алкагында аткарыла турган иштер менен кыскача бөлүшө кетсеңиз?
– Биз, “Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU)” КР филиалы, былтыр КР Билим берүү жана илим министрлиги менен өз ара түшүнүшүү боюнча атайын Меморандумуна кол койгонбуз. Анын алкагында министрлик менен биргеликте быйылкы жылды “Экологиялык билим берүү жылы” деп атайын документ кабыл алганбыз. Ошонун алкагында былтыр даярдык иштери менен жүрдүк. Негизи Меморандумга чейин деле Кыргызстандагы NABUнун филиалынын Экологиялык билим берүү бөлүмү иштеп келген. Бишкек шаарынан сырткары, былтыры Ошто да бөлүм ачканбыз. Биздин адистер коомго экологиялык билим берүү иши менен алектенип келген. Ал эми “Экологиялык билим берүү жылы” деп атайын белгилегенибиздин максаты – коомду экологияга шыктандыруу болду. Андан сырткары, экологиялык билим берүү иштерин мындан да күчтөндүрүү, активдештирүү максатында жасадык.
Атайын пландарыбыздын негизинде, буга чейин деле бала бакчадан тартып, мектептер, ЖОЖдор жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү үчүн атайын окутууларды өткөрүп келгенбиз. Эми ушуларды андан ары да күчөтүп, кээ бир жерлеринде өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы идеялар пайда болсун деп атабыз.
– Мындай иштерди аткарып келгениңиздердин натыйжасында коомчулуктун экологиялык билим деңгээли кандай экени билинди? Сиздер мониторинг жүргүзүп, анализ жасасаңыздар керек?
– Ооба, экологиялык билим берүү дегенде, анын бир канча түшүнүктөрү бар да. Мисалы: “экологиялык маданият”, “экологиялык агартуу”, анан “экологиялык билим берүү” депчи. “Экологиялык агартуу иштери” дегенде экологиялык түшүнүгү жокторго кандайдыр бир акцияларды өткөрүп, ЖМК аркылуу маалыматтарды жеткирсек, элдин арасындагы буга чейин түшүнүгү жокторго аң сезимдерин көтөрүүгө чоң жардам берет.
Ал эми “Экологиялык билим берүү” тууралуу сөз болгондо буга бир аз кененирээк токтолууга туура келет. Союз тарагандан бери көпчүлүк ЖОЖдордо экологиялык багытта көптөгөн факультеттер, кафедралар, адистиктер ачылып кетти. Муну “Экологиялык билим берүү” жакшы жолго коюлган десек болот. Менин билишимче, Кыргызстандагы дээрлик ар бир ЖОЖдо экологиялык кафедралар бар. Анткени көп жерде мугалим да болгомун, көп жерде сабак да бергемин. Азыркы учурда ЖОЖдорго барып, мамлекеттик экзамендерге да катышып калам. Ошол кафедраларда экологиялык адистерди чыгарып жатышат. Демек, Кыргызстанда бул багыт жолго коюлган, болгону сапатын кеңейтип, билимди жакшы бериш керек. Ошентип ЖОЖдор экологиялык адистердин массасын чыгарып атпайбы, эми ошолор келип, экологиялык аң сезимдерди көтөрүүгө чоң таасир бериш керек.
Бир жагынан алганда теориялык жактан аябай жакшы болуп атат, анткени көп экологдор даярдалып атат. Мисалы: ар бир ЖОЖдор жок дегенде жыйырмадан адис бүтүп чыгып атат десек болот. Бирок алардын баары өз кесиби менен иштеп атабы, бул башка маселе. Демек, мен айтайын дегеним, экологиялык билим берүү жаатында мамлекет жакшы жолго койгон. Ал эми экологиялык билими, түшүнүгү жоктор бар да, алар мурда окуган эмес, мурунку муундар бар дегендей. Анан бала бакчадагы балдар экологиялык түшүнүккө келе электер бар дегендей. Мына ошолордун аң сезимин көтөрүш керек болуп атат. Бул жагынан иштер азыраак болуп атат. Бизде мүмкүнчүлүк көп, ошону колдонушубуз керек. Анан атайын белгиленген программаларды иштеп чыгышыбыз керек. Ошол үчүн биздин “Экологиялык билим берүү жылы” деген ишибиз да ушуга шыктандырууга аракет кылалы деп атабыз.
Жалпылап алганда, коомдо экологиялык аң сезимдин төмөндүгү бар. Мисалы: мыйзамсыз аңчылык дагы эле жашап жатат. Ошол эле таштанды маселеси, токой кыюу, тазалык, сууну, абаны булгоо, транспорттук көйгөйлөр куйрук улаш келе жатпайбы. Мунун канчалык маанилүү экенин айрым карапайым кишилер түшүнө элек. Анан албетте, бул экономикалык жакка да байланыштуу. Ал эми мамлекеттин транспортко газды киргизүүгө аракет кылып, электромобилдерди алып келиши – экологиялык көйгөйлөрдү жеңилдетүүгө болгон кандайдыр бир аракети десек болот. Анан ортодогу катмар дагы ушуга активдүү катышыш керек. Демек, бул – экологиялык билим берүүнү элестеткенде, бир киши арабасын айдап баратат, бирок бир дөңгөлөгү жок болуп калгандай болуп калып атат кээде.
– Акыркы суроо болсун, келечектеги иш пландарыңыздар менен бөлүшө кетсеңиз. Кыргызстандын жаратылышын коргоп, элдин экологиялык аң сезимин көтөрүү максатында дагы кандай иштерди аткарууну пландагансыздар? Экологиялык тармакта кандай иштерди аткарып, эмнеге жетишебиз деп турасыздар?
– Негизи NABUнун Кыргызстанга келгенине быйыл 30 жыл толду. 1994-жылы келген. Ошондон бери кайсы багытты күчөтүш керек деген ойго келип жүргөнбүз. Бул аралыкта биз мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш менен алектендик, жаратылышка илимий байкоо иштерин жүргүздүк, андан сырткары, экологиялык билим берүү иштерин жасадык. Анан ушулардын негизинде ойлонуп көрүп, коомдун экологиялык аң сезимди көтөрмөйүнчө, баягы мыйзамсыз аңчылык, браконьерчилик боло берчүдөй экен. Ошол эле талкалоо, бузуу, экосистеманын бузулушуна кайра эле аң сезими жетпеген инсандар тартылып, ошолор кайра эле кайталай бериши мүмкүн экен. Ошондуктан келечекте быйыл аткарабыз деген “Экологиялык билим берүү жылынын” максаты – бул, бир эле жыл менен токтоп калбашыбыз керек. 2024-жылы бул ишти аткарганыбыздын маңызы – жаратылышка болгон аң сезимдин бир тепкичке көтөрүлүшү болуп калсын деген максат болгон. Ага карап быйыл шыктануу максатын койгонбуз. Ушул 2024-жылы мындай иштерди аткардык, эми кийинки жылдары мындан да жакшы иштерди аткаралы деп шыктанып, чоң иштерди аткарууга өбөлгө түзүү болду.
Ошентип алдыга койгон узак келечек пландарыбызда – элдин экологиялык аң сезимин көтөрүү десек болот. Анан албетте, аны менен катар илимий иштер, мониторинг, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү иштери да жүрө берет. Жакынкы келечекте фото тузактарды алалы деп атабыз. Аны жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте, алардын жерлеринде кандай жаныбарлардын түрлөрү бар экенин аныктап, аларды сүрөткө тартып, идентификациялоо максаттар менен иштейбиз. Андан сырткары, башка багыттагы иштерди да жасайбыз, мисалы: токойду, сууну коргоо боюнча келечекте акырындап идеялар болот. Анан ошонун негизинде көйгөйлөрдү чечүү маселелерин коюп келебиз. Кыскасы, келечекте иш көп. Ал үчүн жакшы идеялар болуп туруш керек. Алардын баарын туура жолго коюп, аткарганга аракет кылабыз.
-Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков



















